2021-жылдын 1-мартынан 20-мартына чейин республиканын 130 шаары менен айыл аймагына калкты биометрикалык каттоого алуу максатында 11 мобилдүү автобустар жөнөп кетмекчи. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, биометрикалык каттоонун негизинде шайлоочулардын тизмеси түзүлүп, шайлоо менен референдумдарда добуш берүүнүн аныктыгы камсыздалат.
Аталган автобустар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан БУУӨПтүн колдоосу менен уюштурулган.
БШК менен МКК командасы калкка төмөнкүлөр боюнча жардам көрсөтүшөт:
– биометрикалык маалыматтарын каттоодон өткөрүүгө;
– паспортун алмаштыруу үчүн документтерин берүүгө;
– туруктуу жашаган жеринде каттоодон өтүүгө;
– электрондук санарип кол тамгасын алууга.
Ошондой эле жарандар 1255 Call-борборуна чалып, ушул кампания жана алдыда өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоо жөнүндө өздөрүн кызыктырган суроолорду берсе болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ