Menu

Орусияда Кыргызстандын өтүнүчү менен тажик жаранынын камактагы мөөнөтү узартылды

Бөлүшүү:

Башкыртстандын Жогорку соту расмий Бишкектин өтүнүчү менен Тажикстандын жараны Фуркат Абдуфаттоевдин камактагы мөөнөтүн 2-майга чейин узартты.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) Башкыртстандын тергөө органдарына жөнөткөн катта Абдуфаттоев 2019-жылы июлда айылдаштары менен бирге Ворух жана Ак-Сай айылдарынын ортосундагы жолду тосуп, «чек арага жакын аймакта башаламандыктын чыгышына түрткү болгону» жазылган.

Ага чейин кыргыз тарап Фуркат Абдуфаттоев 2019-жылы 13-мартта болгон чек ара жаңжалына катышканын билдирип, орус бийлигинен аны Кыргызстанга өткөрүп берүүнү талап кылган.

Абдуфаттоевдин жакындары Фуркат ал маалда Новосибирск шаарында болгонун, Тажикстанга 2019-жылы 29-мартта гана кайтып барганын билдиришүүдө. Бирок сот тажик жаранын камактан чыгаруу үчүн бул жүйөлөрдү жетишсиз деп тапты.

Башкыртстандын Кугарчин райондук сотунун 5-февралдагы чечиминде Абдуфаттоевдун көрсөтмөлөрү аны камактан чыгаруу үчүн негиз болбой турганы белгиленген. «Орусиянын соттору кыргыз укук коргоо органдары тарабынан козголгон кылмыш иштеринин мыйзамдуулугун карай алышпайт», — деп жазылган чечимде.

Фуркат Абдуфаттоев Кыргызстандын өтүнүчү менен Башкыртстандын Кугарчин районунда февралдын башында кармалган. Кыргыз тарап 2019-жылы мартта болгон чек ара жаңжалына байланыштуу ага каршы «Массалык башаламандыктарга катышуу» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2019-жылы 27-августта Баткен шаардык соту тажик жаранын камакка алуу тууралуу чечим кабыл алган.

Тажикстандын Согди облустук прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Давлат Сафаров Абдуфаттоев 2019-жылы март жана апрель айларында болгон кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарга катышпаганын билдирген.

«Согди облустук аскердик прокуратурасы Орусия тарапка тиешелүү маалыматтарды жөнөттү. Азыр Абдуфаттоевди камактан чыгаруу маселеси каралып жатат», — деген ал 12-февралдагы басма сөз жыйынында.

Өткөн айда Ворухтун дагы бир тургуну — Диловар Жураев Бишкектин өтүнүчү менен Орусияда кармалган. Айрым маалыматтар боюнча Кыргызстандын бийлиги жалпысынан Ворухтун 23 тургунуна эл аралык издөө жарыялаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу – 970 чакырым. Мунун ичинен 504 чакырымы гана делимитация жана демаркация болгон. Калган такталбаган аймактар чек аранын эки тарабындагы элдин түрдүү чатактарына себеп болуп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: