Menu

Facebook Тажикстанда салык төлөөчү катары каттоодон өттү

Бөлүшүү:

Тажикстандын Салык комитети Facebook социалдык түйүнүн салык төлөөчү катары каттаганын билдирди.

Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Тажикстандын жарандарына интернет-кызмат көрсөткөн компаниялар 18 пайыздык кошумча нарк салыгын төлөшү керек.

Facebook же анын расмий өкүлдөрү Тажикстандын Салык комитетинде каттоодон өткөнү боюнча расмий маалымат берген жок.

Facebook – Тажикстанда он миңдеген колдонуучулары бар популярдуу соцтармактардын бири.

Салык комитети Facebook компаниясынан тышкары салык төлөөчү катары Doodle Incorporation, Novatech жана Esolar Ltd да каттоодон өткөнүн кошумчалады.

Жаңы эрежелер боюнча Тажикстанда түздөн-түз же ортомчулар аркылуу товарларын же кызматын саткан чет өлкөлүк компаниялар кошумча нарк салыгын төлөшү керек. Бул үчүн Салык комитетинин сайтында онлайн каттоого туруу зарыл.

Тажикстан Facebook, Google жана башка ири телекоммуникациялык компанияларга салык төлөтүү жаатында Орусия, Испания, Өзбекстан сыяктуу башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: