Menu

Фото – УКМК: Күйүүчү жана майлоочу майлардын контрабандалык жол менен ташылган жүктөргө бөгөт койду

Бөлүшүү:

1-мартта УКМК мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча кылмыштардын жана жорукардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Лейлек районунан күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып бараткан жеринен 4 жүк ташуучу унаа кармалды.

Такталган боюнча, кармалган автоунаалар күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташуу үчүн контейнерлердеги идиштер менен атайын жабдылган. Айдоочулардын жүк ташуучу унааларынын өздүгүн тактаган документтери болгон эмес.

Табылган контрабандалык күйүүчү-майлоочу майдын жалпы көлөмү 40 тоннадан ашык болгон.

Белгилей кетсек, коңшу республикалардын биринин жарандарына таандык кармалган автоунаалар контрабанда ишин жашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик номурларын мыйзамсыз колдонушкан. Учурда, бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары нефтини жана мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды.

Буга байланыштуу, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети республика боюнча контрабандага каршы жигердүү күрөшмөкчү. Аныкталган фактылар жана мыйзам бузуулар боюнча УКМК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: