Menu

УКМК: Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды

Бөлүшүү:

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК Республиканын ички иштер органдарынын мурунку кызматкери, белгилүү Жалил Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы туралуу тергөө иштери жүрүп жатат.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, республиканын ички иштер органдарынын кызматкери болуп саналган Ж.Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган.

Иште чогултулган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 3-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (мыйзамсыз баюу) боюнча Ж.Атамбаев кармалып жана КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: