Menu

Тажикстанда 17 жаштагы окуучунун өлүмүнө классташы шектелүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Рудаки районунун 17 жаштагы тургуну Хоким Бобоев классташы менен болгон жаңжалда көз жумганын билдирди.

Мекеменин 3-март күнү кечинде жарыяланган билдирүүсүндө классташтардын ортосунда жаңжал чыгып, бирөө экинчисин таш менен бетке уруп жибергени, жыйынтыгында ал алган жаракаттарынан улам көз жумганы жазылган.

ИИМдин басма сөз кызматы жарыялаган видеодо шектүү классташын таш менен башка уруп, кылмыштын изин жашыруу үчүн анын сөөгүн өрттөп жибергенин мойнуна алган. Азырынча анын бул көрсөтмөнү кандай шарттарда бергени белгисиз.

Окуяга байланыштуу Рудаки райондук прокуратурасы «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн 15 жылдан 25 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Буга чейин маркум өспүрүмдүн ата-энеси кылмыш тоноо максатында жасалган болушу мүмкүн экенин билдирген. «Хокимдин жанында 250 сомони бар болчу, смартфон сатып алам деп жүргөн», — деген анын атасы Муким Бобоев.

Өз кезегинде шектүүнүн жакындары анын адам өлтүргөнүнө ишенбей тургандыктарын билдиришүүдө.

Окуя 25-февралда Рудаки районунда болгон. Хоким Бобоевдин өрттөлгөн сөөгү үйүнөн алыс эмес жерде табылган.

Расмий маалыматтар боюнча өткөн жылы Тажикстанда өспүрүмдөр тарабынан 6 миң кылмыш жасалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: