Menu

Өкмөт Финполицияны жоюу жөнүндө чечим кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) жоюу жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү токтомго КРнын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы бидирди.

Расмий маалыматтарга ылайык көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сомду же ИДПнын 23,6% түзөт, ал эми көз карандысыз эксперттер көмүскө экономиканын үлүшү ИДПнын 24 пайыздан 43 пайызына чейин экендигин белгилешет, бул Финансы полициянын кызматын талаптагыдай иштебегендигин кабар берет.

Мындан тышкары, көз карандысыз эксперттерден жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жаатында бул органдагы коррупция, ошондой эле анын жеке ишкердикке мыйзамсыз кийлигишүүсү боюнча нааразычылыктар келип түшүүдө.

“Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык ички экономикалык коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн Финансы полиция экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүдөн тышкары алдын-ала божомолдоо, ички экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле жеке ишкердик субъекттеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо милдеттүү.

Бирок, Финансы полиция объективдүү түрдө бүгүнкү күндө жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чараларды көрбөстөн, жазалоочу функцияларды гана аткарып келүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: