Menu

УКМК: Кара-Көл шаардык милициянын начальниги кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 4-мартта КР УКМК ККК менен КР ИИМ ИИК биргеликте кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл ИИБ башчысы милициянын полковниги «Н.А.А.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, кармалган Н.А.А. 2020-жылдын декабрында буга чейин Жалал-Абад облусунун ИИБ Жол кайгуул кызматы тарабынан кармалган, жасалма каттоо документтери менен 2019-жылы чыгарылган «ТОЙОТА ЛЭНД-КРУЗЕР 200» маркасындагы унааны Оруссия Федерациясынын аймагынан Интерпол уурдап кеткен деп катталган (автоунаанын-эгизин) кызыкдар адамдарга мыйзамсыз берген.

Кармалган адам Жалал-Абад шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: