Menu

Жолборс Жоробеков, профессор: Сарсанаа кылган саясат

Бөлүшүү:

(Остин тезистери)

Кыргызстанда болуп жаткан саясый процесстерге азыр океандын ар жагында болсом да тыкыр көз салып турам. Анткени бул мен 30 жылдан ашуун мезгилден бери Кыргызстандагы чоң саясаттын ичинде да сыртында да болуп, аны изилдеп, шугулданып келе жаткан менин кесиптик да, күнүмдүк да ишим. “Башканы коюп Манасты айт” ‒ дегендей азыр кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланып жаткан маселелердин бири Конституция жана шайлоолор.

Эсимде, 1993-жылы Кыргызстанда алгачкы Конституцияны кабыл алгандан кийин “Күн карамалар кабыл алган Конституция” деген этектей
макала жазып сындаган элем. Себеби ошол мезгилде туубузду “Күн карама” деп коомчулукта олуттуу сөз болгон эле. Демек 350 депутаттарды күн карамалар, ошолор ушул Конституцияны кабыл алып коюшту, эми жай турмуш болсо, Конституцияны да, тууну да оңдоп алаарбыз дегендей сөздөр менен тамамдалат эле. Мына андан бери ошол Конституциябыз ондогон жолу оңдолуп-түзөлүп кетти.

Кийин ЖК Мыйзам чыгаруу жыйынынын биринчи чакырылышынын депутаты кезимде “Биздин Конституцияны плагиаттар жазыптыр” деп дагы бир материалым кайсы бир газетага чыгып калды. Раматылык Мукар (Чолпонбаев) досум: “Ой Жоке! Конституция, мыйзамдар асмандан алынат беле, жалпы жоболор окшош болот да.” – деп түшүндүргөн эле. Себеби мен бир жыйырмадай мамлекеттердин Конституцияларын салыштырып олтуруп жазган элем. Демек Конституцияларда спецификалык беренелерден башка жалпы адамзаттык баалуулуктарды камтыган беренелер окшош болоорун байкап уялып калган элем.

Ошондо 35 адамдан турган депутаттардан жарымынан көбү (илимдин кандидат, докторлору да) Улуттук университеттен укук боюнча
магистратурадан окудук. Муну айтып жатканымдын себеби Конституцияны атайын юридиканын ушул тармагы боюнча изилдеген адистер жана ушул жагынан тажрыйбасы бар инсандар жазса. Юристин баары эле Конституция жаза албайт, алардын ичинде айрымдары кылмыш – жаза, граждандык коом, улуттук каада ‒ салт боюнча деле доктор болушат. Президент С. Жапаров айткандай, Конституциянын “К” сын билбей эле Конституциянын тегерегинде жондотуп эле сүйлөй берген туура эмес. Кыргызда айтат эмеспи “Чымчыкты сойсо да касап сойсун” ‒ деп. Эми сөздүн ток этээрине өтсөк.

Аракеттеги Конституция сөзсүз оңдолушу керек болчу. Бул Конституция кабыл алынганда эле 2020-жылы өзгөртүүлөр киргизилет
дегендей ой болгон (10 жылга мораторий). Ошондуктан биз муну Жээнбеков бийликке келгенде эле улуттук деңгээлде Конституциялык кеңешме түзүшүн, ал бир жылдай иштеп, анан дагы бир жылдай талкуулап, бардык жактардын көксөөсүн суута турган болушун суранган элек. Бирок биздин сураныч “арык аттап, суу кечпей” калды. Аягы эмне менен бүттү… Эми ушул жерде сөздүн удулу келип турганда Президентке кайрылат элем.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Сунуш кылынган Конституциянын долбоорун 80 депутат жазган, ошолор сунуштаган деген менен алардын көпчүлүгү баш тартып, айрымдары официалдуу түрдө мен билбейм десе, айрымдары фамилиямды телевизордон, радиодон уктум деп шек жаратууда. Ошентип “долбоор” ээрге олтурганда эле кыйшык олтуруп, анан ар кошкондон түзүлгөн Конституциялык комиссия, аны оңдоп түзөп талкууга алып чыккан варианты коомчулукта кескин түрдө карама-каршылыктарды терс пикирлерди жаратууда. Ошондуктан азыр эми Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө, төрагасына чооң рахматыңызды айтып, аларга аракеттерине жараша илимпоздорго профессор, академияга Мүчө корреспондент, Академик деген наамдарды ал эми аксакалдардан баштап “Манас” Семетей, Сейтек ж.б. орден медалдардан сыйлыктардан, наамдардан берсеңиз, кызмат сурагандарына кызмат берип, “эми айланайындар мени да Конституцияны да сөз кылбай ар бириң өз
адистигиңер боюнча жакшы иштегиле, мага кылган жакшылыгыңар ушу болот”- десеңиз.

Экинчи кадам- жаңы Улуттук деңгээлдеги Кыргызстандагы саясый күчтөрдүн бардыгынын кызыкчылыктарын эске алып аракеттеги
Конституцияны оңдоп-түзөө боюнча Улуттук комиссия түзсөңүз. Аракеттеги Конституция негиз кылып алынат, анткени ушул Конституциянын дурус жана буруш жактарын практикада көрдүк да. Анын үстүнө айрым бөлүктөр жана беренелер жакшы жазылган, илимдин тили менен айтканда, апробациядан өткөн. Бул жөнүндө Конституция боюнча өзүбүздүн мыкчегерлер да, эл аралык эксперттер да белгилешүүдө. Ал эми азыркы сунуш кылынган долбоордо, коомчулукта адистердин, эксперттердин айтымында, карама-каршы жоболор, өтө чийки жерлери көп. Демек биз аракеттеги Конституцияны негиз кылып, ошону көпчүлүктүн көөнүнө төп келе турган кылып оңдошубуз зарыл. Улуттук комиссияга ушундай максат коюш керек. Ошол Улуттук комиссия географиясына эмес, биографиясына карата төмөнкүдөй түзүлсө деген коомдо пикир бар:

1. Биринчи чакырылыштан алтынчы чакырылышка чейинки бардык спикерлер. Анткени алар күн сайын Конституция менен иштешкен.

2. Конституциялык курулуш боюнча илимдин кандидаты, доктору болуп, китеп жазып оокат кылып жүргөндөрдөн.

3. Конституция боюнча омоктуу ойлорун ортого салып келе жаткан бардык чакырылыштын депутаттарынан.

4. Жаш креативдүү, Конституцияга кызыгып жүргөн өзүнчө, өзгөчө ойлору бар жаштардан.

5. Азыркы Конституциялык кеңештен төрагасын баш кылып, секциялардын жетекчилерин, анан профессионалдык деңгээлде өзүн көрсөткөн адистерден.

6. Коомдук (Мамлекеттик эмес) уюмдардан, жулкунуп ‒ “даканса” күрөшөм ‒ дегендерден.

7. Тилчи адис филологдордон.

Иши кылып коомдук бардык катмары камтылса.

Алар эки жумада бирби же бир айда эки жолу чогулушуп, керек болсо бир жыл иштешсин. Бул жумушчу топ болгондон кийин телевизордон ар бир олтурумун көрсөтүп олтуруунун кереги жок. Анткени телевизордун камерасын көргөндө эле кыргыздар булкунуп “өтө умный” сүйлөп кеңеш айтканды адат кылып алышты.

Улуттук комиссиянын иштөөсүнө эч кандай ноутбук, кофе-брейк ж.б. шарттар мамлекет тарабынан түзүлбөшү керек. Эки-үч техникалык гана
кызматкер болсо, алар сунуштарды иреттеп компьютерлер менен гана шугулданышат. Ал жерде аракеттеги президент үчүн эле эмес мамлекеттин келечеги үчүн ак эмгегим менен кызмат кылам дегендер гана маңдай терин төгүп иштейт деп ойлоймун. Ал эми жеңил-желпи, күнүмдүк оокаты үчүн мактап-жактаган популисттер өзүнөн-өзү эле ал жерде иштей албайт. Ошентип, бул Улуттук комиссия айлап-жылдап бир консенсуска келген варианттын долбоорун арзан газеттик кагазга эле 2 млндой даана чыгарып бүт айыл өкмөттөргө элинин санына жараша таратуу керек. Ошондон кийин Конституция деп желпингендердин жели чыгып, көбүнүн көксөөсү сууп анан мамыр-жумур болуп калаар беле!?

Конституциялык кеңешме талашып-тартышып иштей берсин. Бул убакта Урматтуу Президент, Сиз конкреттүү иштер менен алек болуп,
мамлекетти жаңы жолго, жаңы багытка салууга иштиктүү аракет кыласыз. Буга январда болуп өткөн референдумдун жыйынтыгы Сизге толук укук берет. Айталы Өзүңүздүн указыңыз менен шайлоо кодексиндеги айрым беренелерди жана жоболорду токтотуп же жаңы берене же жобо киргизип, Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү. Аракеттеги ЖКнын ишмердигин токтотуу. (Депутаттардын санын 120 дан 90 го түшүрүү көптөгөн эксперттердин айтымында туура эмес).

Эгерде 90 депутат болсо Кыргызстанды туптуура 45 округга бөлүү керек (120 болсо 60), 45 бир мандаттуу ал эми 45 партиялык тизме менен. Мисалы 45 округ болсо Талас 2 округ болот (60 болсо үч округ). Ар бир округ өзүнүн Курултайында 5 адамды тандап депутаттык шайлоого макулдук берет Партиялык тизме да ошол Курултайда 5 адамга макулдук берилет. Ошондо партиялар да ошол 5 адамдын артынан чуркашат. Мага мүчө болсо экен деп. Айталы бир мандаттуга киргизилген 5 адамдын кимиси көп добуш алса ошол депутат болот. Ал эми партиялык тизмедеги 5 кандидаттын кимиси кайсы партиянын желеги астында барат өз иши. Мүмкүн бешөө беш партиядан болушу мүмкүн. Кимиси көп добуш алса депутат болот. Бул жерде кандидатты тандоону жана шайлоону элдин өзүнө берип жатабыз. Ошону менен алдыңкы 10 орун кийинки 20 орун деген партлидердик диктатынан анан алдыңкы орун үчүн керилген парадан кутулабыз. Укуктун баарын элге берип жатабыз. Курултайдын да статусун көтөрөбүз.

Демек, ар бир округ өз Курултайында 10 адамды тандап (5 бир мандатууга 5 партиялык тизме менен) шайлоого жолдомо берип жатпайбыз.
Бул жерде бардыгы ачык-айкын. Биринчи Курултайдан жолдомо алып, анан жалпы элдин тандоосуна барып жатпайбы. Муну менен Сиз:

а) Шайлоодогу партлидерлердин диктатынан, коррупциясынан куткарасыз;

б) Азыр Сиздин да эшигиңизди сагалап, “бир жолу эле депутат болсом болду эле” ‒ деп догурунуп жүргөн (албетте Сизге кандайдыр бир өлчөмдө эмгеги өткөн “бейжүгөн” инсандардан) адамдардан кутуласыз. Аброю болсо, элине барсын, алар колдосо шайланып келсин.

в) Азыркыдай акчалуу билимсиздерди колдосо, ошол округдун элинин өзүнүн шору. Сиздин бул жерде эч күнөөңүз жок.

БШКнын да “монстр” укугу аздайт. Маселе жеринде чечилет.

Ушул жерге кыстара кетейин, Мен убагында партиялык тизмени жактап: “…Эми кокту-колоттук психологиядан кутулабыз, республикага башы
көрүнгөн инсандарды парттизме менен шайлайбыз” ‒ деп жазган элем. “Өлүп көрүптүрмүнбү” дегендей, парттизме менен акчасы бар башы жок, зордук-зомбулук менен түрмөгө түшкөн, ууру-кески, шектүү элементтер келип калаарын, партлидерлердин жем жей турган күркөсүнө айланып кетээрин билген эмес экенмин да.

Эми мунун да тактай турган, кеңеше турган жагдайлары бар, Бишкекке барганда кененирээк токтолом.

Эми кимдир бирөөлөр айтышы ыктымал, мындай жоболор мыйзамда жок ж.б.у.с. деп. Бирок дагы бир жолу кайталаймын, январдагы
референдумдун жыйынтыгы Сизге тезирээк неординарный, нестандартный чечимдерди кабыл алып иштөөгө толук моралдык укук берет. Коомдук пикир жөнүндө Президенттик шайлоо астында Сиз менен болгон жолугушууда айттым эле. Демек элдин мүдөөсүндөгү иштерди тез-тез жасаңыз.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Азыр коомчулук, Сизге добуш берген адамдар Сизден радикалдык чечимдерди күтүп жатат. Мурдакы президенттерде де-факто бардык бийлик ошолордо эле. Ал эле эмес президенттин шоферу-аппарат жетекчисинин орун басары келсе, Спикер, Өкмөт жетекчиси кол куушуруп салам берип ордуларынан тура калат эле. Анткени алар ошол олтурган креслосуна ошонун амири менен келген да. Көрдүңүзбү президенттин өзү эмес ат кошчусунун “аброюну”. Ал эми Сизде январдагы референдумдан кийин де- юре толук укук бар. Элдин ишеними, коомдук пикир Сизге чоң легитимдүүлүктү жана ишенимди берет. Бул ишеним кредити селдей же колдон куйулган кумдай, эртең башкача болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан “Темирди кызуусунда сок!” ‒ дейт эмеспи элибизде.

Дагы бир белгилей турган маселе, таанышуу иретиндеги визиттерде ири долбоорлор, инвестициялык пландар жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Муну бир абройлуураак бирөө элге түшүндүрүп коюш керек. Албетте Москвага болгон иш сапарда Путинге жакын, ал эми Атамбаевдин бөтөлкөлөш жана кайын журту менен оор сүйлөшүүлөр болгонун сезип турдум. Эгер Атамбаев бошоп кетсе, бул С. Жапаровго урулган сокку болот. Коомдук пикирде рейтинги төмөндөйт. Бул жагынан С. Жапаровдун абалын да жон-терим менен сезип жатамын. Бирок кантсе да, жакынкы жылдарда ири инвестициялык долбоорлор болбосо да өзүбүздүн ички дараметибиз менен (бул боюнча да адистердин бир канча ой пикирлери бар) кичирээк долбоорлорду ашырууну ойлонушүбүз зарыл. Жакынкы жылдарда энергетикалык көз карандысыздыктан чыгуунун жолдору көп. Чакан ГЭСтерди кичи, орто ГЭСтерди өзүбүздүн жигиттерге эле берүү керек, тезирээк курушсун.

– Эми сөздү кыскартып айтканда, Сиз “бир топтун кызыкчылыгы”, “мага бут тосуучулар”, “элдин душмандары”, ж.б. деген сөздөрдү
колдонбошуңуз керек. Сиз азыр Президентсиз. Андай сөздөрдү айта турган атайын адамдар болот.

– Саясый өңүттөн камалгандарды бошотуп, соттолгондугун жоюш керек.

– Сиз менен атаандаш болгондорду жана кыргыздын саясаттагы чыгаан жигиттерин айланаңызга тартыңыз, аларда да жакшы идеялары бар, аны пайдалануу керек.

– Бозгунда жүргөндөрдү да эл аралык сотпу, же өзүбүздүн эле сотпу, карап алып келүү керек. Акчаларын конкреттүү объектте салышсын.

– Дин жана илим-билим сыяктуу мага жакын маселелерде да кечиктирилбей чече турган проблемалар бар. Ал тууралуу кийин Кыргызстанга келгенде кененирээк токтолом го.

Азыркы учурдагы дүйнө боюнча (Армения, Казахстан, Европанын айрым мамлекеттериндеги) жана өзүбүздөгү эле Оштогу митингдер Сизден чапчаң аракеттерди күтөт.

Булардан башка да бир топ көңүлдө багып жүргөн маселелер бар. Азыр бийлик жана мамлекетти башкаруу дүйнөлүк политология илиминин теориялык канондоруна жооп бербеген “жинди болуп кетти” (Э. Макрон). Ошондуктан азыр Сиз үчүн жагымдуу жагдай түзүп турган, коомдук пикирдин шападасын пайдалануу керек. Мезгил өтүп кетет. Албетте президенттин жанында дүйнөлүк дөө-шаалар менен пикирлешкен жана
практикалык тажрыйбасы мол жакшы жигиттер бар. Бирок биз айтып коюшубуз парз. Аны кабыл алабы же жокпу ал президенттин жеке иши. Эгер колдонуп иш илгерилеп кетсе Президент Жапаровко анан элге эле жакшы. Биздин элдин жаман жашаганга укугу жок. Аны жакшыртуу ар бир инсандын милдети.

Жолборс Жоробеков, Техас, Остин шаары

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: