Menu

Адистер Баткен облусунун аймагында жайгашкан газ сактоочу жайларда, газдын жоктугун дагы бир ирет аныкташты

Бөлүшүү:

Бүгүн 10-мартта, бир катар ММКда жана социалдык тармактарда Баткен облусу аркылуу, Өзбекстан менен Тажикстанга мыйзамсыз мунай (газ) кирип жатат деген маалыматтардын тарашы боюнча, Баткен облусундагы бир катар массалык маалымат каражаттарынын, жергиликтүү бийлик, “Ош Газ” филиалынын Баткендеги эксплуатациялык газ кызматынын өкүлдөрү жана бул тармактагы тажрыйбалуу адистер, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан, Өзбек Республикасынын газ сактоочу жайларында болушту. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым ууктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Газ сактоочу жайлардын коопсуздугун кайтарып турган, Өзбек Республикасынын жарандары менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде, Баткен облусунан атайын өкүлдөр, кампалардын иштеп же иштебей жаткандыгын көрүп чыгышты.

Белгилей кетсек, бул аймакта делимитация жумуштары толугу менен бүткөн, бирок обьектилер Кыргызстанга өткөрүлүп бериле электигинен, өзбек тарап обьектилерди кайтарып турат.

“Ош Газ” филиалынын Баткендеги эксплуатациялык газ кызматынын өкүлү Адылбек Токтоматов, адис катары бардык газ түтүктөрүн жана газдын басымын ченөөчү өлчөгүчтөрдү текшерип чыкканын, бул жерде эч кандай газ же дагы башка мунай заттарынын жок экендигин билдирди.

Журналисттер менен адистер аталган аймактагы газ өткөн түтүктөрдү, скважиналарды жана мунай казган жабдууларды карап чыгышты. Бардык жабдуулардын эчак эле иштетилбей жаткандыгы, электр чубалгыларынын үзүлгөндүгүнө күбө болушту.

Белгилей кетсек Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында, “Союз мезгилинде Өзбек Республикасына таандык «Фергана Нефти» ишканасы 1950-жылдан, 2011-жылдын 21-майына чейин ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.

Алар газ сактоочу жайларда 1 млрд 5 млн метр кубка чейин газды камап, Өзбек Республикасынын Фергана өрөөнүн жана Кыргызстандын Ак-Турпак айыл аймагын газ менен камсыздап турган. Учурда аталган аймакта мунай өндүрүлбөйт жана жумуш токтотулган, газ жок.

Бул маселени чечүү боюнча Кыргызстан чек араларды делимитациялоо боюнча Өзбекстан менен Өкмөттөр аралык комиссияга талаптарды коюп келет.

Белгилей кетсек кечээ, 2021-жылдын 9-мартында КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Бейшеналы Нурдинов, буга чейин бир катар массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда тараган, Баткен облусунан Өзбекстан жана Тажикстанга жер асты менен кошуна мамлекеттерге мыйзамсыз мунай кирип жатат деген маалыматка шилтеме менен, билдирүү жасап, бул боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар маалымат берүүсүн сураган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: