Menu

ИИМ: Ошто баңгизатты сатып жүргөн жаран кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери баңгизатты сатып жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарды жайылтып жүргөндөр жөнүндө маалымат алышкан. Ошондой эле, алар сатып алуучуларды издеп жаткандыгы жөнүндө дагы ыкчам маалыматка ээ болушкан.  Ушул жылдын март айынын башында бул факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) КР Жазык кодексинин 267-беренеси (Сатуу максатында баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Баңгизат сатуучуларды аныктоо жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында  ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери шектүүлөрдү кармоо боюнча атайын операцияны жүргүзүшкөн.

Тыкыр иликтөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочусу М.Н. аныкталган.  Март айынын башында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизаттарды сатуу фактысы аныкталып, милиция кызматкерлери  өзгөчө кескин жыты бар затты алышкан. Экспертиза тастыктагандай, бул баңгизат 54,21 граммды түзгөн каннабистин чайыры (гашиш)  болуп чыккан.

Мындан аркы иликтөөнүн жүрүшүндө ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы баңгизаттын кезектеги партиясын сатуу учурунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочусу 1971-жылы туулган М.Н. кармашкан.

Операция Ош обулусунун ИИБдин атайын операциялар отрядынын күч колдоосу менен жүргүзүлгөн. Кароо жүргүзүү учурунда  баштыктан ширенкенин кутучасы түрүндөгү 20 брекеттелген зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган зат 226,11 грамм салмактагы каннабистин чайыры (гашиш) болуп чыкты. Шектүүдөн жалпысынан 280 грамм гашиш алынды.

Азыркы учурда иликтөө уланып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: