Menu

ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери издөөдө жүргөн Болгариянын жаранын кармашты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Болгариянын жаранын кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 4-мартта Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросу Бишкек ШИИББдин МККБнын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүшкөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 1970-жылы туулган К.Г аттуу жаранды кармашкан. Кармалган адам Болгариянын жараны болот. Өз өлкөсүндө  өзгөчө ири өлчөмдөгү каржы алдамчылыгы, салыкты төлөөдөн качуу үчүн укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн.

Алынган маалымат боюнча  кылмыш иши 2010-жылы жасалган. Бирок укук коргоо органдары 2018-жылы ага издөө жарыялашкан. Азыркы учурда эл аралык издөөгө алган тарап Софиядагы Интерпол Улуттук борбордук бюросу (Болгария) кабарланды.

Маалым болгондой, кармалган  жаран Бишкекке 2018-жылы келип, тергөөдөн жышырынып жүргөн жана жергиликтүү тургунга (аял киши) үйлөнүүгө дагы үлгүргөн. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, экстрадициялоо маселеси Башкы прокуратуранын ыйгарымына кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: