Menu

Өмүрбек Бакиров: “Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо механизмин иштеп чыгышы зарыл”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлүп, шайлоочулардын кайрылуулары айтылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет

Алсак, депутат Шайлообек Атазов олимпиада оюндарына даярданып жаткан спортчуларга керектүү шарттар түзүлбөй жатканына токтолуп: “Спорт тармагы маданият министрлигинин карамагына киргизилди. Мындан ары аталган тармак каралбай калбаш керек” – деди.

Ал эми депутат Улугбек Садиков Өкмөт өкүлүнө кайрылып: “Ош шаарында быйыл газ туруктуу берилген жок. Баасын арзандата албасак да, туруктуу берилип турушун камсыздашыбыз керек. Өкмөт ушул маселени көзөмөлгө алуусу шарт” – деп кошумчалады. Муну менен катар электромобилдерди Кыргызстанга ташыган ишкерлерди колдоого чакырды.

Ошондой эле депутат Өмүрбек Бакиров азык-түлүктүн наркынын өсүшү коомчулукта чыңалууну жаратып жатканын белгилеп: “Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо механизмин иштеп чыгышы зарыл. Анткени, Премьер-министр, тиешелүү мекемелер иштебей жатат”, – деди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: