Menu

Кыргызстандын аймагынан сырткары жүргөн жарандар керектүү документтерди аралыктан ала алышат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №27 «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуунун мындан аркы чаралары жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Биринчи кезектеги иш-чараларынын бекитилген планынын алкагында Кыргыз Республикасынын чет жакта жашаган жарандары «Суратып алдыртып алуу» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан социалдык-укуктук мүнөздөгү ар түрдүү документтерди сурап ала алышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Чечим Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына көмөк көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Ушул токтомго ылайык чет жакта жашаган жана жүргөн жарандар мамлекеттик органдардан чет өлкөдө жашаган жарандардын кайрылуулары боюнча «Суратып алдыртып алуу» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу  «Түндүк» ведомстволорлор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумунун алкагында онлайн режиминде, ошондой эле альтернативдик ыкма (кагаз түрүндө) менен социалдык-укуктук мүнөздөгү ар түрдүү документтерди сурап алдыртып алуу мүмкүндүгүн алышат.

«Суратып алдыртып алуу» АМС алкагында салыктык карыз, пенсия, камсыздандырылган адамдын иш мезгилдери, никелешүү укугу, соттолгондугунун жоктугу жөнүндө маалым каттарды сурап, айдоочулук күбөлүктүн жана билими тууралуу документтердин аныктыгын ж.б. тастыктоого болот.

«Суратып алдыртып алуу» АМС ишке киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан чет жактагы арыз ээлерине дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн же консулдук мекемелерден суралган маалыматтарды сунуштоо менен маалым кат берүү аркылуу маалыматтарды берүү мөөнөтүн кыскартууга шарт түзөт.

Берилген электрондук маалым каттар консулдук кызмат адамынын электрондук колу менен күбөлөндүрүлөт, анын аныктыгын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сайтынан текшерүүгө болот.

Бул чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кол койду. Токтом расмий жарыялан күндөн тартып 10 күндүн ичинде күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: