Menu

Президент Садыр Жапаров Ташкент шаарына мамлекеттик сапар менен келди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Өзбекстан Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысын Ислам Каримов атындагы «Ташкент» аэропортунда Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

«Ташкент» эл аралык аэропортуна Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем салынып, ардактуу кароол тизилген.

Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошону менен бирге иш сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда.

Мындан тышкары, алдыдагы иш сапардын алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү мерчемделген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: