Menu

Кара-Сууда 30 адам тамакка ууланып, экөөсү каза болду

Бөлүшүү:

Кара-Суу районунда 30 адам ууланып, алардын экөөcү каза болду. Бул тууралуу журналисттерге Ош санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Мамирасул Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, Нариман айылынын тургуну 6-мартта 60 жылдык мааракесине карата үйүндө той өткөрүп, достору жана туугандарын конокко чакырган.

Доктурдун айтымында, меймандар салат, палоо жеп, үйдө жасалган компот ичишкен. Аларда уулануунун алгачкы белгилери эртеси пайда болгон, бирок алар дароо ооруканага барбай, дарыны гана ичишкен. Алгач туулган күн ээси ооруканага кайрылганда ага “тамак-аштан ууланган” деген диагноз коюшкан. Андан кийин башка жабырлануучулар да ооруканага жаткырыла башташкан.

Уулангандар дарыгерлерге кеч кайрылгандыктан, эки адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок. 10-мартта 50 жаштагы аял каза тапкан. Бүгүн Ош шаардык ооруканасында дагы бир 60 жаштагы аял көз жумду. 

Учурда Кара-Суу районунун ооруканасында сегиз адам жатат, бирөөсү Нариман айылындагы ооруканага жаткырылды. Алардын абалы орто оор деп бааланууда. Ошондой эле 14 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Экспертизалар дайындалып, тамак-аш үлгүлөрү жана курман болгондордун кан жана заара анализдери алынды. Атайын комиссия түзүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: