Menu

Темиртау шаарындагы ЖЭБде кырсык болуп, эки жумушчу жабыркады

Бөлүшүү:

Темиртау шаарындагы Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ-2) ширетүү иштери жүрүп жаткан маалда жарылуу болуп, эки жумушчу жаракат алды.

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы «боёк куюлган челектер от алып кеткендиктен», жумушчулар термикалык күйүк алышканын билдирди. 51 жаштагы жабырлануучулардын бири 95% денесинен күйүк алып, Темиртау шаарындагы борбордук ооруканага жеткирилди. 25% денесинен күйүк алган 50 жаштагы экинчи жабырлануучу Караганды шаарындагы ооруканада дарыланууда.

Аталган жылуулук борборуна ээлик кылган «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы бул факты боюнча тергөө иштери башталганын кабарлады.

Жергиликтүү бийлик ЖЭБ-2деги кырсыктын себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлө турганын билдирди.

— Эмгек кодексине ылайык, башкы эмгек инспекторунун буйругу менен комиссия түзүлөт. Кырсыктын себептери атайын тергөөнүн жыйынтыгында аныкталып, ал боюнча кошумча маалымат берилет, — деди Караганды облустук Эмгек инспекциясы боюнча башкармалыктын басма сөз катчысы Айзада Жумабекова.

Темиртау шаарындагы ЖЭБ-2де быйыл февралдын аягында да кырсык болгон. Анда дароо бир нече буу казаны жарактан чыгып, шаар тургундарынын көбү суукта эки күн жылуулуксуз калган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: