Menu

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү: Ак-Турпак айыл аймагындагы Өзбекстанга таандык болгон газ сактоочу жайлар иштебейт

Бөлүшүү:

Кечээ 11-мартта, Ак-Турпак айылынын тургуну Абдыманнап Турсуматов атту жаран атайын идиштерде сакталып турган мунай заттарын көрсөтүп, аталган аймакта нефти бар деген видео маалыматтарды тараткан.

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым ууктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, бул аймак Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы Чоң-Гара-Галчажерлиги. Учурда ал жерде идиштерде сакталган суюктук, жер астынансордурулган чийки мунай.

Буга чейин мамлекет тарабынан аймакта мунай кенин аныктоо максатында,КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттиккомитети Ата-Мекендик “Глав нефти” компаниясына лицензия берип, аталганаймакта нефтинин запасын аныктоо боюнча изилдөөлөр жүргөн.

Аталган компания Кытай мамлекетинен бул тармакта тажрыйбалуу адистерди алып келип, иштеткен. Бирок изилдөөлөр аягына чыккан эмес. 2019-жылы компания ишин токтоткон.

Анткени буга чейин аталган аймакта Кыргызстан менен Өзбекстан Республикаларынын ортосунда делимитация жумуштары аяктаган менен, Союз мезгилинде Өзбек Республикасына таандык «Фергана Нефти» ишканасы 1950-жылдан, 2011-жылдын 21-майына чейин ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгендиктен, обьекттер Кыргызстандын карамагына өтө электигине байланыштуу, бир катар маселелер жаралып, ата мекендик нефти изилдөөчү компания ишмердүүлүгүн токтоткон.

Обьекттерди Кыргызстандын карамагына өткөрүп алуу боюнча чек араларды делимитациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссияга бир канча жолу маселе коюулуп келет.

Дагы бир ирет белгилеп кетсек, ММКда жана социалдык тармактарда Баткен облусу аркылуу, Өзбекстан менен Тажикстанга мыйзамсыз мунай (газ) кирип жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ак-Турпак айыл аймагындагы Өзбекстанга таандык болгон газ сактоочу жайлар иштебейт, учурда ал жайларда газ жок экендиги тийиштүү органдар тарабынан аныкталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: