Menu

Ферганада жерин тарттырып жиберген ишкер Элдик кабылдаманын алдында өзүнө кол салды

Бөлүшүү:

11-мартта Фергана облусуна караштуу Алтыарык районунун Бирлашган маалесинин тургуну Элдик кабылдаманын алдында өз колун лезвие менен кести.

Мамуржон Бердалиевдин айтымында, ал ишкерлик үчүн үч жолу жер тилкесин алган. Бирок тиешелүү документтерин даярдагандан кийин прокурор каршы чыгып, жерин алып коюшкан. Ал бул үчүн райондун башчысын күнөөлөдү.

Мамуржон Бердалиев жерин кайтарып алуу үчүн үч жылдан бери президентке кайрылып жүргөнүн, ишинен майнап чыга электигин айтып, нааразылык иретинде колун лезвие менен кескен.

Элдик кабылдамага чакыртылган «тез жардамдын» дарыгерлери дыйканга керектүү медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Алтыарык районунун башчысынын орун басары Авазбек Хожиакбаров Мамуржон Бердалиевдин жер тилкесин мыйзамсыз колдонгону үчүн алып коюшканын айтты.

Соңку жылдары Өзбекстанда жарандар аткаминерлердин адилетсиздигинен жана кайдыгерлигинен жапа чегип, нааразылык иретинде өзүнө кол салган учурлар көп катталууда.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: