Menu

Алматынын санэпидкызматы адвокаттардын бийлик менен макулдашылган митингине тыюу салды

Бөлүшүү:

Алматы шаарынын санитардык-эпидемиологиялык кызматы адвокаттык ишмердүүлүк тууралуу мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө каршы юристтердин митингине тыюу салды.

«Бийлик менен макулдашылган 13-марттагы акция болбойт. Шаардын башкы санитардык дарыгеринин токтомуна ылайык, калаада көп киши катышкан иш-чараларды, анын ичинде митингдерди өткөрүүгө тыюу салынат. Алматы «кызыл» аймакта болгондуктан, коронавирус жуктургандар кескин көбөйүп кетүү коркунучу бар», — деп билдирди мекеме жетекчисинин орун басары Садвакас Байгабулов.

Өз кезегинде митингге уруксат алган адвокаттар бийлик иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганы боюнча маалымат бербегенин билдиришүүдө.

— Бизге андай маалымат беришкен жок. Кечээ Уалиханов атындагы аянтта акимчиликтин өкүлдөрү, полиция жана акимдин өзү менен жолукканбыз. Эч кандай тыюу болгон эмес. Колубузда митинг өткөрүүгө уруксат берилгени тууралуу акимдин токтому бар, башка токтомду көргөн жокпуз. Расмий тыюу жок болгондуктан митингге даярдыкты уланып жатабыз. Эгер тыюу салынса мурдагы токтом жокко чыгарылганы тууралуу жаңы токтомду алышыбыз керек. Биз юристпиз, ошондуктан баарын мыйзам чегинде кылабыз», — деди адвокат Гүлнара Жуаспаева.

9-мартта адвокаттар менен юридикалык консультанттардын тобу Алматы акимчилиги Илимдер академиясынын алдында митинг өткөрүүгө уруксат бергенин билдирген. 10-мартта COVID-19 жуктургандар көбөйүп жатканына байланыштуу, шаар «кызыл» аймакка киргизилген.

Адвокаттар «Адвокаттык ишмердүүлүк жана юридикалык жардам тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбооруна каршы болуп жатышат. Алар Юстиция министрлиги иштеп чыккан өзгөртүүлөр «көз карандысыз адвокатураны жок кылууга» багытталган деп эсептешүүдө. Адвокаттардын айтымында, аларды республикалык бирикмелерге кошулуп, мүчөлүк акы төлөөгө мажбурлоо менен «юридикалык консультанттардын палатасынын өзүн өзү жөнгө салуу стандарттары» сакталбай калууда. Өзгөртүүлөргө ылайык, мындан тышкары юристтер «Улуттук маалыматтык технологиялар» холдинги иштеп чыккан «Е-Заң көмегі» сайты менен колдонгону үчүн ай сайын 3 600 теңдеген төлөп турушу керек болот.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: