Сокулук районунда жашы жете элек кыз төрөдү. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдынын кызматкерлери билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрь айында өспүрүм кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылып, 40 жаштагы эркекке чара көрүүнү суранган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз 40 жаштагы эркек кишиден боюнан бүтүп, эркек бала төрөгөн.
Аталган факт КЖБРге катталып, Сокулук районунун прокуратурасына жиберилген. Кийин иш Чүй облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ