Menu

Премьер-министр Улукбек Марипов: “Өкмөт кайра иштетүүчү ишканалардын өнүгүүсүн колдоого алат”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Жалал-Абад облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө Сузак районундагы бир нече айыл чарба объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Жыгач айылында Өкмөт башчы бадыраң, помидор, болгар калемпири, лимон өстүрүлгөн күнөсканага барды. Бул объектте 20га жакын адам иштейт, бирок сезон маалында алардын саны 100гө жетет.

Улукбек Марипов белгилегендей, жергиликтүү ишкерлерди колдоо, ушундай эле чакан, бирок кыйла заманбап жана модернизацияланган ишканаларды ачып жергиликтүү жашоочуларды жумуш менен камсыздоо зарыл.

Премьер-министр азыркы тапта Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан фермерлерди колдоо боюнча иштерди активдештирүү пландалып жатканын белгиледи.

Андан кийин Улукбек Марипов жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү менен алектенген, 2005-жылдан бери иштеген заводдун иши менен таанышып чыкты.

Ишкана ширелерди, консервацияланган жашылчаларды, кыям жана кургатылган жемиштерди өндүрөт. Сатуу көлөмү продукцияны ички жана экспорттук рынокторго, анын ичинде Германия, АКШ жана Түркияга чыгарууга шарт түзөт. Ишканада туруктуу негизде 32 адам иштейт, ал эми сезондо кошумча 50гө жакын адам тартылат.

Улукбек Марипов чыгарылган продукциянын жогорку сапатын, ишкананын жакшы иштеп жатканын жана анын экономиканын өсүшүнө тийгизген узак мөөнөттүү оңдуу таасирин белгилеп өттү.

«Бизде ата мекендик өндүрүштөгү азык-түлүк жана пайдалуу өнүмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууну шарттаган  ушундай долбоорлор бар экендиги кубандырат. Өз тарабынан Өкмөт алардын өнүгүүсүн ар дайым колдойт», – деп кошумчалады Премьер-министр.

Мындан кийин Өкмөт башчы жазгы жана күзгү дан эгиндери, пахта жана башка өсүмдүктөр өстүрүлгөн үрөн чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Премьер-министр дыйкандар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу сурап, өлкө Өкмөтүнүн ата мекендик айыл чарбаны колдоо жана өнүктүрүү боюнча негизги багыттары тууралуу айтып берди.

«Айыл жериндеги эмгек өтө оор жана талыкпаган түйшүктү, каржылык сарптоолорду талап кылат. Биз – агрардык өлкөбүз жана калктын басымдуу бөлүгү айыл чарбасына тартылган. Буга байланыштуу ушул тармакты өнүктүрүү артыкчылыктуу болуп саналат», – деп баса көрсөттү Улукбек Марипов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: