Өзбекстан Кыргызстанга ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш-тартышка жана саясий тирешүүгө себеп болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр. Бул тууралуу президенттин пресс-катчысы Галина Байтеректин Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча берген комментарийинде айтылат.
Белгиленгендей, кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына транспорттук жана аба каттамдарын ачууга даяр. Анклавдын жашоочулары мамлекеттик чек арадан эркин өтүшөт.
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки тарап тең бул ишти жакынкы үч айдын ичинде бүтүрүү керек деген бүтүмгө келишти. Мамлекеттик чек араны юридикалык жактан каттоону аягына чыгаруу чек ара аймактарындагы туруктуулукту чыңдап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берет.
Галина Байтерек мамлекеттик чек араларды делимитациялоого байланыштуу калган талаштуу маселелерди өзбекстандык кесиптештери менен бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн атайын комиссия чече турганын белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ