Menu

Казакстанда учак кырсыгынан аман калгандарга операция жасалды

Бөлүшүү:

Алматыда учак кырсыгынан тирүү калган эки экипаж мүчөсүнө операция жасалды. Дарыгерлер алардын абалы туруктуу экенин билдиришти. Бул тууралуу казак басылмалары коомдук саламаттык башкармалыгына шилтеме жасоо менен кабарлашты.

«Жабырлануучуларга операция жасалды. Аларды аман алып калуу үчүн колдон келген аракеттер көрүлдү. Алар жан сактоо бөлүмүндө. Азыркы абалдары туруктуу оор деп бааланууда», – деген башкармалыктын басама сөз кызматынын өкүлү.

13-мартта Казакстандын мурдагы борбору Алматы шаарына жакын жерде ичинде алты киши болгон аскердик учак кулаган.

Бул унаа учагы Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматына таандык болгон.

Учак кырсыгында көз жумгандар майор Габит Барлыкбаев (Ғабит Барлықбаев; 1987-жылы туулган), улук лейтенант Досжан Баймуратов (Досжан Баймұратов; 1987-жылы туулган), Мухтар Сагынбаев (Мұхтар Сағынбаев; 1995-жылы туулган) жана сержант Евгений Васильков (1986-жылы туулган) экендиги маалымдалган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана мурдагы президент Нурсултан Назарбаев 13-мартта аскердик учак кыйраганда курман болгондордун жакындарына көңүл айтышкан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: