Бүгүн, 15-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 67 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 43, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 16, Ысык-Көл облусунан – 4, Жалал-Абад облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 86 917 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 39 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 83 875ке жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 16, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 7, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 8, Жалал-Абад облусунан – 6.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 2. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1483кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ