Menu

Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Бөлүшүү:

Кечээ, 14-март күнү саат 10:17де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Тоң районунун Бөкөнбаев, Туура-Суу айылдарында 3,5 балл, Төрт-Күл, Кажы-Сай, Тоң, Көк-Сай, Эшперов, Тогуз-Булак айылдарында 3 балл, Коңур-Өлөң, Ак-Сай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: