Menu

Тажикстанда кармалган 12 кыргызстандык мекенине кайтарылды

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күнгө Тажикстанда кармалып турган жалпы 12 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин ТРнын чек арасын мыйзамсыз басып өтүүгө айыпталып, Тажикстандын мамлекеттик органдары тарабынан кармалган Баткен облусунун беш жараны, Ош облусунун эки тургуну 13-14-мартта Кыргызстанга кайтарылды.. Ошондой эле 26-февралда Бишкек шаарынын эки тургуну бошотулган. Жарандардын мал мүлкү, унаалары толугу менен кайтарылды Кыргызстандын кармалган бул жарандары, Тажикстандын соту тарабынан соттолуп, аталган мамлекеттин мыйзамы боюнча айып салынып, сот залынан кое берилди.

Белгилей кетсек үстүбүздөгү жылдын 23-февраль күнү Тажикстандын аймагынан кармалган Лейлек районунун жергиликтүү үч тургуну, ыйгарым укуктуу өкүл Омурбек Суваналиев менен ТРнын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Кыргызстанга кайтарылган. Анткени алар Тажиксандын аймагынан эмес, мамлекеттик чек ара сызыгынан кармалган үчүн, эскертүү гана берилген.

Учурда чек арадан өтүү эрежелери боюнча телевидение, радио, гезит, социалдык тармактар аркылуу маалыматтар берилип, облустун чек аралаш аймактарында акимдер, айыл аймак башчылары эл менен жолугушуп, эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Тийиштүү жерлерге атайын белгилер орнотулган.

КРнын Баткен жана ТРнын Согди облустарынын чектеш аймактарында орун алган бул маселелерди чечүү боюнча, эртең 16-мартта КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушуп, эки облустун чек аралаш аймакта жашаган элинин
суранычы боюнча, пандемиядан улам жабылган, Лейлек районундагы “Кулунду” жана “Кайрагач” көзөмөл өткөрүү жайын ачуу маселесин да карашат.

Белгилей кетсек учурда Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз басып өтүү боюнча айыпталып, Тажикстандын 15 жараны эки айга камака алынган. Алар да Кыргызстандын мыйзамы боюнча жооп берет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: