Menu

Видео – Бишкекте УКТнын мүчөсү ээнбаштыкка жана киши урдоого шектелип кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери ээнбаштыкка жана киши урдоого шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматыбилдирди.

2021-жылдын 27-январь күнү  саат 23.00  чамасында 1993-жылы туулган  М. М.  шериктештери менен алдын-ала  сүйлөшүү боюнча  адамдардын тобун түзүшүп, ээнбаштык  жасоого  багытталган кылмыштуу  кыймыл-аракеттерин ишке  ашырууну көздөшүп,  “Тойота-Эстима” үлгүсүндөгү автоунаа менен  Бакай-Ата районунун айылдарынын биринде жашаган Ж. уулу Б. аттуу жергиликтүү тургундун үйүнө барышып, үйүнөн  аны  жана анын үйүндө болгон  К. Чны чакырып чыгышып, ошол эле айылдын  көчөсүнөн зомбулук көрсөтүп, физикалык күч колдонуп сабап, андан ары аларды  автоунаага салып Таластын токойуна алып барып сабашып, денесине жаракат
келтиришкен.

Бул факт 2021-жылдын 27- январь күнү  Талас облусунун Бакай-Ата РИИБнүн КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин  170-берене  (киши уурдоо) менен 266-беренеси (ээнбаштык)   боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы кылмышка тиешеси бар үч жаран кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.  Ал эми М.М. карата 2021-жылдын 6-февралында  издөө иши ачылган.

2021-жылдын 12-мартында жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршылык көрсөтүү бөлүмүнүн кызматкерлери  тарабынан Бакай-Ата районунун жашоочусу 1993-жылы туулган М. М. Бишкек шаарынын  Батыш автобекетинен кармалып, Талас облусунун Бакай-Ата РИИБнө жеткирилди.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы 1993-жылы туулган М. М. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Учурда иликтөө иштери уланып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: