Ноокен районунун Ноокен айылынын Токтоболотов көчөсүнүн тургуну 1987-ж.т. Тажибаева Жаркынай Камчыбековна 2021-жылдын 2-январь күнү саат 23:00 чамасында өзү жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда Тажибаева Жаркынай Камчыбековнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 165-170 см, өңү кара тору, кашы, көзү кара, чачы узун, мойнунда кесилген шрамы бар, 2-топтогу майып, так сүйлөй албайт.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү узун куртка, кара шым, кара түстөгү бут кийим болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Тажибаева Жаркынай Камчыбековна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Тел.: 102, (03734) 5 05 44, 0755 54 00 35, 0771 05 57 75.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ