Бүгүн, 15-мартта Баткен облусунун Самаркандек айылында КР УКМК башчысы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев менен жергиликтүү калк ортосунда жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара аймактарынындагы жашоочулары туралуу маанилүү маселелер талкууланды.
КР УКМК башчысы К.Ташиев баардыгына кайрылып, бардык чек ара маселелери мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин жана коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты. Чек аранын бардык талаштуу тилкелери мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык, тынчтык жолу менен гана чечилерин айтып кетти.
Ошондой эле Камчыбек Ташиев аткезчиликти жана башка кылмыш иштерине бөгөт коюуга багытталган укук коргоо жана башка органдардын мыйзамдуу аракеттерине тоскоолдук кылгандар үчүн кылмыш жоопкерчиликтер караларын баса белгиледи.
Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ