Menu

Жогорку сот УКТнын мүчөсү Дөө Чыңгыздын ишине чекит койду

Бөлүшүү:

11-мартта Жогорку Сот “Дөө Чынгыз” каймана аты менен белгилүү болгон кримавторитет Чыңгыз Жумагуловдун ишине чекит койду. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жактоочунун кассациялык даттануусу канааттандырылган жок жана эки инстанциянын өкүмдөрү күчүндө калтырылды.

Белгилей кетсек, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Чыңгыз Жумагуловду Жазык кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмү (бейбашчылык) боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Башка айыпталуучулар Марсбек Тентиев менен Ильяс Айдакеевдер да күнөлүү деп табылып, 13 жылга эркинен ажыратылды жана 190 миң айып пул төлөө милдеттендирилди.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2019-жылы 9-апрелине караган түнү Москва көчөсүндө жайгашкан “Камек” жеке клиникасынын алдына белгисиз адамдар сабалып, оор жаракат алган эки эркек кишини таштап кетишкенден кийин Дөө Чыңгыз издөөгө алынган.

Сабалгандардын бири башынан оор жаракат алып, эсине келбей, реанимацияда көз жумган. Анын өздүгү такталып, көз жумган жаран Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну 1974-ж.т. Илияс А. болгон. Ал Бишкек шаарында жашачу.

Сабалгандардын экинчиси алган оор жаракатынан улам жеткирилген күндүн эртеси көз жумган. Ал дагы башынан оор жаракат алып, баш сөөгү сынган. Ал Талас облусунун Бакай-Ата районунун 1983-ж.т. туулган тургуну экени аныкталган. Ал Бишкек шаарындагы Аламүдүн районунда жашачу.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Т.М., 1981-жылы туулган А.И. кармалган. Экөө тең Чүй облусунун тургундары. Алар мурда бир нече жолу соттолгон жана Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары каттоодо турушат. Бул иш боюнча издөөгө алынган Дөө Чыңгыз 11-апрелде  кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: