Menu

Кыргызстан менен Тажикстандын тургундары чек ара өтмөктөрүнүн ачылышын күтүүдө

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага жакын жайгашкан айылдарынын тургундары ортодо казылган чуңкурларды көмүп, чек ара өтмөктөрүн ачууну өтүнүп жатышат.

Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам чек ара өтмөктөрү жабылгандан бери Кыргызстандын Арка жана Тажикстандын Хистеварза айылдарынын жашоочулары дээрлик катташпай, өз ара соода жүгүртүү көлөмү кыйла кыскарып кеткен.

«Тажиктер бизден бензин, биз алардан арзаныраак азык-түлүк сатып алып турчубуз. Айыл тургундарынын 80% жакыны аз камсыз болгон. Чек аралар жабылгандан бери жергиликтүү базардан кымбат баада азык-түлүк сатып алууга аргасыз болуп жатабыз», — деди Арал айылынын Туратбек Шабачаев аттуу тургуну.

Жакында тажик бийлиги өлкөдө коронавирус жуктургандардын баары айыкканын билдиргенден кийин чек арага жакын жайгашкан бул айылдардын жашоочуларында өтмөктөр ачылып, соода жанданат деген үмүт пайда болду.

Күн мурун аталган чек ара аймагында болуп кайткан «Эркин Европа» радиосунун кабарчысы андагы өтмөктөр жабык экенин, аларды бойлой чуңкурлар казылганын билдирди.

«Бул чуңкурлар былтыр коңшу Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганда казылган. Анда жарандар дүрбөлөңгө түшүп, бийлик чек ара өтмөктөрүн убактылуу жабуу чечимин кабыл алган. Чуңкурлар жарандардын саламаттыгы үчүн казылган», — деди Хистеварз айылы жайгашкан Бобожон Гафуров районунун башчысы.

Аталган айылдын жашоочулары чуңкурлардын казылышы бизнеске өтө чоң зыян алып келгенин билдиришүүдө. «Арка айылынын тургундары биздин базардан азык-түлүк, биз алардан кургатылган жемиштерди сатып алып турчубуз. Жашоо кыйла жеңилирээк эле. Азыр соода дээрлик жок, киреше жок», — деди айылдын Аюбжон Захидов аттуу тургуну.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзсө, анын 500 чакырымдан ашыгы гана такталган. Мындан улам аймакта маал-маалы менен жер, суу, чек араны кесип өтүү боюнча чыр-чатактар чыгып турат. Куралдуу кагылыштар болгон учурлар да бар.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги сүйлөшүүсү 16-мартка белгиленген. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул жолугушуу Согди облусунун Гулистон шаарында өтөрүн кабарлаган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: