Menu

Бирмада өлкө лидери Су Чжинин соту башка күнгө жылды

Бөлүшүү:

Камактагы лидер Аун Сан Су Чжинин адвокаты Кхин Маунг Зау журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Нейпьидо, 15-март 2021-жыл.

Бирмада аскердик төңкөрүштөн улам бийликтен кулатылган өлкөнүн лидери Аун Сан Су Чжинин үстүнөн 15-мартка белгиленген сот жараяны башка күнгө жылды. Буга интернет байланышындагы көйгөй себеп болгону айтылды.

Адвокат Кхин Маунг Зау Reuters агенттигине соттук жараян тогуз күндөн соң болорун билдирди. Бирмада аскердик хунтага каршы демонстрациялар токтобой, полиция тынч жайкын тургундарга каршы ок ачып жатат.

14-мартта өлкөдө демократиялык башкарууну жана Су Чжинин бошотулушун талап кылгандарга полиция ок атып, кеминде 38 адам каза болгону айтылган. 15-мартта да Мингян шаарында акциялар учурунда эки адам мерт болгону кабарланды.

Бирма 2011-жылга чейин аскердик бийликтин көзөмөлүндө болгон. Дал ошол жылы аскердик бийлик кулатылып, демократиялык өзгөрүүлөргө жол ачылган.

Быйыл 1-февралда аскерлер кайрадан жарандык бийликти кулатып, Нобел сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи баш болгон жарандык жетекчилерди камакка алган. 75 жаштагы Чжиге бир нече берене боюнча айып тагылууда.

Бирманын оппозициячыл күчтөрү гана эмес, дүйнө коомчулугу да аскердик хунтадан өлкөдөгү мыйзамдуу жарандык бийликти тез арада калыбына келтирүүнү, абакта жаткандарды дароо бошотууну талап кылууда.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: