Бүгүн, 16-мартта укук коргоо кызматкерлери саясатчы Жеңиш Молдокматовдун иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу видеотасманы экс-замандашчы Facebook баракчасына өзү жарыялады.
Кеңсеге бет кап кийген бир нече адам келгенден кийин, саясатчы Facebook баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, окуяны видеого тарта баштаган. Бирок укук коргоочулар ага тергөөнүн купуялуулугун айтып, видеого тартууга тыюу салышкан.
Жеңиш Молдокматовдун айтымында, тинтүү “Ханституцияга каршы” борборунун мүчөсү Тилекмат Күрөновго козголгон кылмыш ишине байланыштуу болду.
Белгилей кетсек, кечээ, 15-мартта жарандык активист Тилекмат Куренов кармалып, 48 саатка камалган. Белгилүү болгондой, укук коргоо кызматкерлери активисттин Facebook социалдык тармагындагы постторунан бийликти басып алуу боюнча чакырыктарды тапкан. Кандай билдирүүлөр жөнүндө сөз болуп жатканы азырынча белгисиз. Кийинчерээк анын үйү тинтүүгө алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ