Menu

Мамдумада Сирияда курман болгон орусиялык аскерлердин саны айтылды

Бөлүшүү:

Сириядагы аскердик операциялар башталгандан бери бул өлкөдө Орусиянын 112 аскер кызматкери мерт болду. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын Коргонуу комитетинин төрага орун басары Андрей Красов билдирди.

Орусия Сириядагы аскердик операциясын расмий түрдө 2015-жылы 30-сентябрда баштаган.

Орусиянын Аскердик-космикалык күчтөрүнүн мурдагы башчысы Виктор Бондаров 2018-жылы эле Сирияда курман болгон орус жоокерлеринин саны 112ге жеткенин билдирген.

Дүйнөлүк маалымат агенттиктеринин билдирүүлөрүнө ылайык, Сириядагы Орусиянын жоготуулары мындан кыйла көп болушу мүмкүн. Reuters’тин маалыматына караганда, 2017-жылы эле аскердик операциялар маалында 131 орусиялык каза болгон – бирок алар Орусиянын Коргоо министрлигинин курамына кирбеген жалданма жоокерлер болушкан.

2018-жылы АКШ күчтөрүнун аба соккуларынан орусиялык 200гө жакын жалданма аскер курман болгону кабарланган. Кийинчерээк бул кагылышуудан аман калган бир нече орусиялык жоокер анда кеминде ондогон киши өлгөнүн ырастаган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: