Кечээ, 15-мартта, Исламабад шаарында Элчи Э.Бейшембиев “TCS Express” логистикалык компаниясынын дипломатиялык корпусу менен иштөө боюнча кеңешчи Ахсан Мухтар Зубайри мырза менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү жана эки өлкөнүн биргелешкен инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу контекстинде Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы логистикалык транспорттун маселелери талкууланды.
“TCS Express” компаниясы Пакистанда Кыргызстандын өнүмдөрүн экспорттоого көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.
Маалымат үчүн: “TCS Express” 1983-жылы негизделген Пакистандын алдыңкы курьердик жана логистикалык компаниясы. Компаниянын Пакистанда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө дагы бир нече миң өкүлчүлүктөрү бар. TCS Expressтин баш кеңсеси Пакистандын Карачи шаарында жайгашкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ