12-мартта КР УКМК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактыларын аныктоо жана
бөгөт коюу боюнча иштердин алкагында, КР ИИМ менен биргеликтеги иш-чаранын жүрүшүндө Талас областынан коңшу мамлекеттин 2 жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, аталган жарандар март айынын башында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын өткөрүү пунктунан тышкары жерден, тагырагы Талас облусунун чек ара айылдарынын бири аркылуу мыйзамсыз кесип өткөндүгү аныкталды.
Бул фактыдагы материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталды.
Кармалган адамдар Талас областынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ