Menu

ИИМ: Бишкекте «Жамаат ат-Таухид Валь Жихад» эл аралык террористтик уюм менен диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири  кармалды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында «Жамаат ат-Таухид Валь Жихад» эл аралык террористтик уюм менен диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири  кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 2021-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын  кызматкерлери  УКМК менен биргеликте, КЖБРге  КР Жазык кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүмү  (Экстремисттик материалдарды өндүрүү, жайылтуу, ташуу же жөнөтүү, же экстремисттик уюмдардын белгилерин же атрибуттарын интернет аркылуу жайылтуу”  менен катталган    сотко чейинки өндүрүштүн алкагында  «Жамаат ат-Таухид Валь Жихад» эл аралык террористик уюмунун жана диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири,  Жалал-Абад облусунун тургуну 1996-жылы туулган У.Д.нын  үйүнө санкциялык тинтүү жүргүзүшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө, санкциялык тинтүү учурунда ал үйдөн диний-экстремистик көз караштагы эл аралык террористтик уюм менен
диний-экстремисттик уюмдун  идеалогиясына  тиешелүү болгон колго жазылган дептерлер, дисктер табылды.

Мындан ары жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 1996-жылы туулган У.Д. кармалды. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда ал жарандан  жихад жүргүзүү боюнча жазылган китепче табылды.

Базар-Коргон районунун ИИБи Тергөө кызматы  тарабынан У.Д. аттуу жаран  Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин  98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алынган маалыматка ылайык, У.Д. КМШ малекеттеринин бирине барган кезде «Жамаат ат-Таухид Валь Жихад» эл аралык террористтик уюм менен диний-эсктремисттик уюмдун  мүчөлөрү тарабынан азгырылып кирип, аларга жалданып иштеп, Кыргызстанда  дагы алардын  идеологиясын таркатуу менен алектенип жүргөн.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин   Басма сөз кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

Комментариялар

Мыкты
3 years артка

Мыкты иштеп жатасынар милициянын кызматкерлери, интернет булактарда коп иштеп ачылгандары суктанам. Азаматсынар ишнер алдыга жыла берсин

Кабыл
3 years артка

Жонокой элдин коопсуздугун ойлоп, куну-туну иштеп жургонунорго рахмат

Данк
3 years артка

Хизбутарды булагы бул негизи билими жок адамдар ишенет, ошол учун буларга жакшы маалымат бериш керек. Милиция кызматкерлери дагы туура иш алып барасынар, силер кобурок лекция отуп турсанар жакшы деп ойлоймун

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: