Menu

Активист Кудайбергенов бийликти күч менен басып алууга шектелүүдө

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы активист Тилекмат Кудайбергеновдун социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип жаткандыгын билдирди.

Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы атайын маалымат таратты.

Анда «бул факт Жазык кодексинин 310-беренеси, («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») 264-беренеси («Массалык баш аламандыктар») менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалды» – деп жазылат.

Учурда кармалган активист Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.

Тилекмат Кудайбергенов «Фейсбукта» Тилекмат Куренов деп катталган. Ал былтыр декабрь айында Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин коргоо кыймылын түзгөндөрдүн бири жана аны жетектейт. Кыймыл Жетим-Тоону чет элдик ишкерлерге колдонууга бербөөнү жана экологияны сактоону талап кылат.

Кудайбергенов акыркы учурларда Конституциянын жаңы долбоорун жана бийликти сынга алып келаткан. 9-мартта Бишкекте ал долбоорго каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митингди алып барган.

Айрым жарандык активистер Тилекмат Кудайбергеновго боштондукту талап кылып, бийликти эркин пикирин айткандарды куугунтукка албоого чакырууда.

Жетим-Тоо темир кенин иштетүүнү Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуп жаткан маалда козгогон эле. Кийин ал учурдагы кыргыз өкмөтү темир кенин иштетүү идеясы “жаран Жапаровдун жеке пикири” экендигин билдирген болчу.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: