Menu

АКШ кыргыз өкмөтүнүн Ирактан балдарды мекенине кайтарып келүүсү тууралуу кабарды жылуу кабыл алууда

Бөлүшүү:

Америка Кошмо Штаттары кыргыз өкмөтүнүн Ирактан 79 баланы мекенине кайтарып алып келгенин кубаттайт, бул кадам бөбөктөргө өз өлкөсүндө тынчтыкта жашоого мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сз кызматы билдирди.

Кыргыз өкмөтү кайтып келген балдарга жардам берүү жана аларды тезинен калыбына келтирүү, элине кайра кошуу менен коопсуз жана бейпил жашоого кайтуу боюнча бардык чараларды көрүү боюнча милдетин моюнуна алгандыгы үчүн мактоого татыктуу.

“Ошондой эле, биз бул балдарды Кыргыз Республикасына ийгиликтүү кайтарып берүү иштери үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигин жана башка мамлекеттик мекемелердин Ирактагы өнөктөштөрүнүн, анын ичинде ЮНИСЕФтин колдоосу жана эмгеги менен жүргүзүлүп жаткан олуттуу аракеттерин баалайбыз.

Борбор Азия Сирия жана Ирактан өз жарандарын мекенине дүйнөнүн башка аймактарына караганда көбүрөөк кайтарып алып келди. Биз дүйнө жүзүндөгү башка элдерди өз жарандарын чыр-чатактуу аймактардан алып келүүдө ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасы жана Борбор Азиянын башка мамлекеттеринен үлгү алууга чакырабыз”, – деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: