Menu

«Роспотребнадзордун» адистери Тажикстанга келишти

Бөлүшүү:

16-мартта Душанбеге Орусиянын «Роспотребнадзор» мекемесинин адистери өлкөдөгү коронавируска байланыштуу абалга баа берүү үчүн келишти.

Орусиянын Тажикстандагы элчилиги «Роспотребнадзордун» алдындагы чумага каршы «Микроб» илимий иликтөө институтунун делегациясы келгенин билдирди. Маалыматка караганда, топтун максаты калктын санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылыгын бекемдөө үчүн «Роспотребнадзор» менен Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматташуусун жандандыруу болуп эсептелет.

Буга чейин Москвада тажик-орус өкмөт аралык комиссиясынын мүчөлөрү Тажикстандагы эпидемиологиялык абалга жеринде баа берүү үчүн орусиялык эксперттер тобу келе турганын билдиришкен. Анын алдында Тажикстан бийлиги өлкөдө коронавирус инфекциясы менен ооругандар дээрлик жок калганын жарыялаган. Эксперттер бул билдирүүгө орус бийлиги анча ынанбай жатканын кыйытышкан.

Тажикстан адистер кырдаалга баа берип кеткен соң Орусия чек араларды ачып, туруктуу аба каттамдарын жандандыруу боюнча чечим кабыл алат деп күтүп жатат.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: