Menu

Фото – Бишкекте жаңы психоактивдүү заттарды сатуу боюнча туруктуу каналга бөгөт коюлду

Бөлүшүү:

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан психоактивдүү заттарды жана баңгизаттарды сатуу боюнча туруктуу каналына бөгөт коюу боюнча атайын операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул  тууралуу ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинин белгилери менен каралган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында,  Бишкек шаарынын аймагынан интернет аркылуу «Телеграмм» социалдык тармагында «@LuCHiKso» аттуу акаунту менен  психоактивдүү жана баңгизаттарды сатуу каналын жөндөп алган  фигурант аныкталган.

Мындан аркы жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында борбор калаада мыйзамсыз аракеттерин жасоого шектүү катары 1993-жылы туулган  К.А. аттуу Оруссия Федерациясынын жараны кармалган.

Жүргүзүлгөн кечиктирилгис тинтүүнүн натыйжасында жарандын жашаган жеринен ижарага алынган батирден кызгылт-сары түстөгү таблетка түрүндөгү, кендир жытына ээ болгон белгисиз дары-дармектер, тамеки тартуу түрүндөгү жабдуулар, керектөө үчүн түтүктөр жана бульбулятор  табылып алынган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык,  табылып алынган зат 41 граммды түзгөн, жаңы психоактивдүү зат экендиги аныкталган.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

СБНОН МВД КР: Ликвидирован устойчивый канал сбыта новых психоактивных веществСБНОН МВД КР: Ликвидирован устойчивый канал сбыта новых психоактивных веществСБНОН МВД КР: Ликвидирован устойчивый канал сбыта новых психоактивных веществСБНОН МВД КР: Ликвидирован устойчивый канал сбыта новых психоактивных веществ

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: