Menu

АКШда үч спа-салондогу ок атуудан сегиз киши каза болду

Бөлүшүү:

АКШнын Жоржия штатында үч спа-салондогу ок атуудан сегиз киши каза болду. Бул тууралуу 16-мартта жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, ок атууга шектүү катары 21 жаштагы адам кармалып, камакка алынды. Ал аймактагы бизнес-имараттардын биринин жанындагы видеобайкоо камераларына түшүп калган.

Жергиликтүү полициянын өкүлү Жей Бейкердин айтымында, каза болгондордун көбү азиат түспөлүндөгү аялдар болгон.

Бейкер шектүүнүн мындай кадамга барышынын ыктымал себептерин айткан жок, бирок иш боюнча тергөө иштери уланып жатканын билдирди.

Басылмалардын маалыматына караганда, Атланта шаарынын четиндеги Аквортада азия укалоо салонунда төрт киши атып өлтүрүлгөн. Дагы үч кишинин сөөгү Атлантадагы Gold Massage Spa салонунда, бирөө Aroma Therapy салонунда табылган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: