Menu

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырууга милдеттүү

Бөлүшүү:

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырууга милдеттүү. Бул тууралуу  Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Салыктык декларацияны катталган жери боюнча салык органына электрондук түрдө гана тапшыруу керек.

Тапшыруу мөөнөтү өткөндөн кийин декларацисын өз убагында тапшырбаган же эч тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер боюнча материалдар юридикалык баа берилүүсү үчүн прокуратура органдарына жиберилет.

Салыктык декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден тышкары жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) менчик ээлери, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар 1-апрелге чейин тапшырууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги Мыйзамына ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: