Menu

Билим берүү министрлиги мектептерде медициналык кабинеттерди ачууну пландоодо

Бөлүшүү:

Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасын жана Концепциясын иштеп чыгууда ушул кезде дары-дармектерди кабыл алуу жана инъекцияны алуу үчүн зарыл болгон шарттардын жоктугунан жалпы билим берүү уюмдарына бара албай жатышкан ар кандай оорусу бар адамдардын айрым категорияларынын билим алууга жетүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маселе өзүнчө каралган. Бул тууралуу КР БИМ басма сөз кызматы билдирет.

Маселен, кант диабети бар балдар, эгерде үйрөтүлүп-окутулган персонал жана инъекцияны алуу же аны өз алдынча жүргүзүү үчүн орун болсо, мектепте окуй алышат. Талма оорусу кээде эле кармай калган балдар, эгерде мектепте медициналык кызматкер болсо, кадимки класста окуй алышат. Башкача айтканда, медициналык мектептерди ачуу жана мектептин штабына медайымды киргизүү ар кандай оорусу бар балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн бир кыйла көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.      

2022-2023-окуу жылында ар бир мектепте медициналык кабинеттерди ачуу, жабдуу жана медайымдын ставкасын (0,25тен 1 ставкага чейин) киргизүү пландалууда, ошол эле учурда медициналык кабинеттерди жабдууга 386,7 млн. сом көлөмүндө кошумча каржылоо зарыл. Жалпы билим берүү уюмдарында ачылган медициналык кабинеттердеги медициналык кызматкердин эмгек акысы 232,1 млн. сомду түзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: