Menu

USAID ата-энелер менен бирге балдардын тамактануу абалын жакшыртып, зыяндуу азыктарды чектегенге жардам берет

Бөлүшүү:

USAIDдин “Мыкты азыктануу” долбоору Баткенде жана Жалал-Абадда энелердин жана балдардын ден соолугуна терс таасир тийгизген тамактануу адаттар боюнча изилдөө өткөрдү. Сурамжылоо эки жашка чейинки балдардын толук кандуу эмес тамактануусу – витамин жана микроэлементтерге бай азыктардын ордуна көбүнчө “зыяндуу азыктарды”  колдонулуусу байкалган. Бул изилдөөнүн негизгинде, долбоор ата-энелерге жаш балдарды туура тамактандыруу боюнча маалымат берүү боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сурамжылоого катышкан энелердин 90%га жакыны алардын 6 дан 23 айга чейинки балдары акыркы 24 саат ичинде момпосуйлар, таттуу токочтор, газдалган таттуу суусундуктар, чипсы сыяктуу “зыяндуу азыктарды” жегенин маалымдашкан. Мындай азыктарды көп колдонуу – бул балдардын бою өспөй калышына жана ашыкча салмакка алып келиши мүмкүн.

USAIDдин “Мыкты азыктануу” долбоору эненин жана баланын ден соолугу чың болуусу үчүн толук баалуу тамактануу, гигиена жана санитария эрежелери боюнча Баткен жана Жалал-Абад облусунда маалымат берип жатат. Өткөн жылы долбоо 2 миңден ашык активисттерди тартып, туура тамактануу боюнча окуудан өткөрдү. Окуудан өткөн активисттер 17 миң кожолукка маалымат таратышты. 

Андан тышкар, изилдөө алты айга чейинки ымыркайлардын жарымы гана жалаң гана эне сүтү менен багылганы көрсөтүлгөн. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму алты айга чеийнки ымыркайлар жалаң гана эне сүтү менен тамактанышы керек деп сунуштайт. Башка азыктар жана суу берүү баланын ден соолугуна зыян алып келиши мүмкүн.  

“Менин эки балам бар жана мен балдарым 2-3 айлык кезинде суу же бир аз ботко берүүнү туура көрчүмүн. Эми 6 айга чейин бала барын эне сүтүнөн ала тургандыгын билдим”,- дейт Суркеева Айтурма, Жалал-Абад областынын Бешик-Жон айылынын 22-жаштагы тургуну. Ал USAIDдин “Мыкты азыктануу” долбоорунун жолугушуусуна катышкан. 

Жаңы изилдөөгө ылайык, Баткенде 6-23 ай курагындагы балдардын 18%гана минималдуу керектуу азыкты алат экен. Бул жыш балдар сүт азыктары, жер-жемиштер, буурчак өсүмдүктөрү жана жаңгактар, эт азыктары, жумуртка, жашылчалар сыяктуу түрдүү тамак-аштын жардамы менен витаминдерди жана пайдалуу элементтерди ала албайт дегенди билдирет. Жетишсиз тамактануу ымыркайлардын жана балдардын толук кандуу интеллектуалдык жана физикалык өөрчүшүнө бөгөт болот. 

USAIDдин “Мыкты азыктануу” долбоору Баткен жана Жалал-Абад областтарындагы аялдардын жана балдардын тамактануусун жакшыртууга багытталган. Долбоор баланын жашоосундагы алгачкы 1 миң күнгө – анын кийинки өмүрүнө пайдубал түзгөн, акыл-эси өөрчүп баштаган мезгилге – өзгөчө көңүл бурат. Долбоор калктын арасында толук баалуу тамактануу адатын киргизүүгө умтулат. “Мыкты азыктануу” медициналык кызматкерлердин тамактануу боюнча кеңеш берүү дареметин күчөтүү боюнча да иш да алып барат.

Бул изилдөө USAIDдин “Мыкты азыктануу” долбоору үчүн M-Vector уюму тарабынан 2020-жылдын ноябрь айында өткөрүлдү. Долбоор Баткен жана Жалал-Абад облустарында 2,091 эки жашка чейинки балдары бар энелердин арасында сурамжылоо жүргүздү. Ковид-19 пандемия кырдаалына караштуу,  бардык интервьюлар телефон байланыш аркылуу (CATI) программасында өттү.

Изилдөө жана USAIDдин “Мыкты азыктануу” долбоору тууралуу мындан толук маалымат алуу үчүн [email protected] электрондук почтасына жана  +996772209209 номери аркылуу Назгуль Абазбекова менен байланышыңыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: