Өзбекстанда электр энергиясына болгон тарифтер быйыл жогорулабайт. Бул тууралуу өлкөнүн «Аймактык электр түйүндөрү» мамлекеттик ишканасынын төрагасы Улугбек Мустафоев билдирди.
«Акыркы эки жылдан бери электр энергиясынын тарифи жогорулаган жок. Быйыл да 295 сум ($0,02) бойдон калат. Президент бизге жыл аягына чейин электр энергиясын кымбаттатпоо үчүн чараларды көрүү жана анын өздүк баасын азайтуу тууралуу тапшырма берди», — деди Мустафоев.
Анын айтымында, быйыл 15 миң чакырым электр чубалгысын жана 4 миң трансформаторду модернизациялоо пландалууда. Бул өлкөдөгү 5 377 маалени электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Буга чейин быйыл кышында Өзбекстандын бардык аймактарында энергетикалык каатчылык байкалганы кабарланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ