Борбор калаанын Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери 13 жаштагы баланы өлтүрүүгө шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирет.
Белгиленгендей, каза болгон 13 жаштагы А.М. талма оорусу менен ооруп келген. Ошондуктан аны дайыма көзөмөлдөп турушкан.
Окуя болгон күнү ата-энеси жумушка кетип, аны 10-класстагы агасы А.С. карап калган.
Өспүрүмдүн сөөгүн саат 11:00 чамасында жумуштан келген апасы тапканы аныкталды. Бул учурда инисин карап калган агасы А.С. үйдө болгон эмес.
Факт КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча катталган. Маркумдун 16 жаштагы агасы “Эркин экономикалык аймакка” жакын жердеги камыштардын арасынан табылган.
А.С. айтымында иниси экөөнүн ортосунда чыр чыгып, уруша кетип, инисине бычак сайган. Анын иниси алган жаракатынан эсине келбей көз жумган. А.С. милиция кызматкерлерине окуядан кийин ашкана бычагын кайда таштап кеткенин көрсөткөн.
Шектүү Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ, 17-мартта Мурас-Ордо конушунда 13 жаштагы баланын жансыз денеси табылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ