Menu

Прокурор Сох окуялары боюнча айыпталуучуларды 10 жылга соттоону өтүндү

Бөлүшүү:

16-мартта Фергана облустук сотунда былтыр май айында Сох районунда болгон массалык башаламандыкка айыпталып жаткан 22 кишинин иши боюнча сотко чейинки акыркы угуулар өттү.

Отурумга катышкан укук коргоочу Баходирхон Элибоевдин айтымында, прокурор соттон тогуз айыпталуучуну 10 жыл эки айга эркинен ажыратып, 13 кишини алты жарым жылга үй камагына алууну өтүндү. Ал бул иште жабырлануучу катары өтүп жаткан Фергана облусунун мурдагы башчысы Шухрат Ганиев сотто бир да жолу сурак бербегенин, бул Кылмыш-процессуалдык кодекстин бир нече беренесин бузарын кошумчалады.

«Соттогу акыркы сөздөрүндө айыпталуучулардын көбү кыйноого кабылып, сабалганын билдиришти. Алар тагылган айыптарды мойундарына албай: «Кыргыз тарап Өзбекстандын аймагына киргенде биз каршылык көрсөтүп аларды токтотконбуз» деп айтышты», — деди укук коргоочу.

Азырынча бул иш боюнча өкүм качан чыгары белгисиз.

Соттолуучулардын баары быйыл 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштан улам чыккан жаңжалда массалык башаламандыктарга катышкан деп айыпталып жатышат. Аларга «мамлекеттик кызматкерди же башка адамды кызматтык же жарандык милдетин аткаруудан баш тартууга мажбурлоо» жана «массалык башаламандык» боюнча айыптар тагылган.

Өзбекстан 187 жараны ар кандай жараат алып ооруканага түшкөнүн, алардын үчөөнө мылтыктын огу тийип, бир нече турак жай өрттөлгөнүн билдирген. Күбөлөр алардын көбү өзбек аскерлеринин элди тынчытып таратуу аракети маалында жабыр тартканын айтышкан. Анда Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев Сохко барып, эл менен жолугушуп жатканда кагылышуу болуп кеткен.

Буга аткаминердин нааразылык билдирип, көчөдө топтолгон элге кылган өктөм мамилеси себеп болгону кабарланган. Ал «беш мүнөттө үйүңөргө кирип кеткиле, болбосо мен кайтып барып Кадамжай тараптан жолду жабам» деген. Андан тышкары ачыкка чыгып кеткен аудиодо үнү Ганиевдикине окшош адам «чыр-чатактуу айылдарды Сохтун картасынан чийип салабыз» деп айткан. Облус акиминин мына ушундай мамилесинен улам анклавдын эли аны аскерлер калкалап турганына карабай ташбараңга алууга аракет кылган.

Жалпы аянты 352 чарчы метрди түзгөн Сох районунда 80 миңге жакын киши жашайт. Расмий маалыматтар боюнча район калкынын 92% тажиктер, 7% кыргыздар жана 1% өзбектер түзөт.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: