Menu

Өкмөт минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салды

Бөлүшүү:

Жазгы-талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде республиканын айыл чарба тармагын минералдык жер семирткичтер менен өз учурунда жана толук көлөмдө камсыздоо жана аларга карата баалардын жогорулашына жол бербөө максатында минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынды. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.  Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтер Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосунда минералдык жер семирткичтерди ташуу жаатында кызматташуу тууралуу орун алган 2017-жылдын 5-октябрындагы келишим боюнча, негизинен Өзбекстан Республикасынан ташылып келинет. Ар жылкы квота 100,0 миң тоннаны түзөт, анын ичинде жазгы-талаа жумуштары мезгилине – 60,0 миң тонна, 40,0 миң тонна көлөмүндөгү калган бөлүгү күз мезгилине туура келет. Мындан тышкары, келип түшкөн жер семирткичтердин 30-35 % үлүшү Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасына тийиштүү.

Жыл сайын жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүгө жана республиканын айыл чарба тармагын өз учурунда камсыздоого, республикага күз-кыш мезгилинде 30,0-40,0 миң тоннага чейин минералдык жер семирткичтер ташылып келинет. Себүү иштери башталганга, же 1-мартка чейин стратегиялык запас 45,0-50,0 миң тоннадан кем эмес жер семирткичти түзүш керек. Республикада аталган запас камсыздалганда, күздүк буудайга кошумча жер семирткич берүү үзгүлтүккө учурабайт.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жана жергиликтүү фермерлердин маалыматы боюнча, акыркы мезгилде республиканын айрым облустарында жер семирткичтердин запасын коңшу өлкөлөргө реэкспорттоп жиберүү окуялары болгон.

Мындай окуяларга жол бербөө, минералдык жер семирткичтердин стратегиялык запасын түзүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорку деңгээлде кармоо жана аларга карата бааны кармап туруу иретинде минералдык жер семирткичтерди Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынды.
Аталган тыюу салуу эл аралык транзитти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык көмөктү эсепке албаганда, алты айлык мөөнөткө киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: